Connect with us

Жалал-Абаддан ири партиядагы лицензиясыз сыра тартып алынды

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 416 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документи жок сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды.

Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 млн сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM