Марал Радиосу

8 айда жол кырсыгынан 385 адам каза тапты

Акыркы 8 айдын ичинде 3474 жол кырсыгы катталган, анда 385 адам курман болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 15% төмөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгынын 78% айдоочулардын күнөөсү боюнча болгон. Буга катар акыркы жылдары өлкөдө унаалардын саны көбөйгөнү белгиленет.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 млн 348 миң 780 автотранспорт каражаты катталган.