Марал Радиосу

Боронов бүгүн иш сапары менен Жалал-Абадда болот

Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 12-сентябрда иш сапар менен Жалал-Абад облусунда болот.

Ал облустагы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын  ишмердүүлүгү менен таанышат.