Марал Радиосу

Ташкентте тоюна отуздан ашык адам чакырган жаштар 400 доллардан ашык айыпка жыгылды

Өзбекстандын Ташкент шаарында үйлөнүү тоюна отуздан ашык адам келип, пандемия учурундагы эрежени бузгандыгы үчүн эки жашка 430 доллар (33 миңдин тегерегинде) айыппул салынмакчы.

29 жаштагы Ахмаджон үйлөнүү тоюн өз үйүндө уюштурган. Негизи Өзбекстандагы талап боюнча чакан мааракелерде отуздан ашык адамдын чогулуусуна тыюу салынган. Ал эми бул тойго келген коноктордун саны кырктан ашкан.

Бул жагдай «Эпидемия менен күрөшүүдөгү эрежелердин бузулушу» беренеси менен каттоого алынган. Мындай учурда негизинен 430 доллардай айыппул салынат.

Эске салсак, Өзбекстанда 15-августтан тарта карантиндик чектөөлөр жеңилдетилген. Анын катарында, санитардык талаптарды сактоо милдеттенмеси менен 30 чакты адамдын катышуусунда үйлөнүү тоюн өткөрүүгө да уруксат берилген.