Марал Радиосу

Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан $1 млн талап кылат

Орусиялык алып баруучу Артур Цветков коомдук ишмер Ассоль Молдокматовадан моралдык зыян үчүн 1 млн доллар талап кылат. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Цветков учурда өз өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч болуп жаткандыктан дайыма жан сакчы менен жүрүп калганын айтат.

Эске сала кетсек, 11-августта орусиялык теле алып баруучу экени айтылган Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен чырдаша кеткен. Ал кафеге кирерде кыргыз бала андан беткап тагынуусун суранган. Бирок Цветков орой мамиле жасап, аны өлкөдөн депортация кылдырып саларын айткан. Андан кийин теле алып баруучу полиция кызматкерлерин чакырып, анын үстүнөн арыз жазган. Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынган.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Цветковду кечирим суроосун талап кылган.

Цветковдун Инстаграмдагы кайрылуусунда Ассоль Молдокматова бул окуяда өзүнө хайп жасаганы айтылат. Чыр чечилип тараптар элдешсе да, учурда алып баруучуну коркуткандар болуп жаткан экен.

Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады (видео)