Марал Радиосу

АКШ Ирак менен Афганистандагы аскер санын кыскартат

АКШ кыска убакытта Ирак менен Афганистандагы аскер санын кыскартат. Бул тууралуу Америка Кошмо штаттарынын президенти Дональд Трамп маалымдады.

Ал Ирактагы аскер санын 2 миңге, Афганистандагы аскер санын да 4 миңге түшүрөрүн билдирди.

Трамп Ак үйдө өткөргөн пресс-жыйында өлкөсүнүн Афганстандан аскерлерин чыгаруу процессин баштаткандыгын белгилеп : «Февраль айынын башынан берки убакыт − узун бир убакыт − Афганстанда эч ким өлтүрүлгөн жок. Бул жерде алдыга жылуу болду. Кыска убакытта Афганстандагы аскер санын кыскартып, 4 миңге түшүрөбүз. Ошондой эле Ирактагы аскер санын 2000ге түшүрөбүз»,- деди.