Марал Радиосу

Өзбекстанда бир суткада 749 адамдан коронавирус аныкталды

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 749 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен пандемия башталгандан бери жалпы 45 679 адамга коронавирус жуккан.

Бир күндө коронавирустун кесепетинен 7 адам көз жумду, деп билдирди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги. Алардын ичинен үчөө Ташкент шаарында, төртөө Ташкент облусунда дарыланып жатышкан.

Учурда жалпы 42 555 адам айыкты. Бул жалпы сандын 93-94 пайызын түзөт.

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары жана Санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо агенттигинин директору Баходир Юсупалиев билдиргендей, учурда Өзбекстан коронавирустун экинчи толкунуна даярданып жатат.