Марал Радиосу

Абактагы Колесникованын абалы айтылды

Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү жана оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникованын абалы жакшы, өзгөчө даттануу жок. Бул тууралуу Колесникованын жактоочусу Людмила Казак билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Жактоочу Колесникова бийликти басып алууга шектелип жатканын кабарлады.

Белгилей кетсек, 9-августта Колесникова кармалып, Минск шаарындагы  №1 Тергөө абагына жеткирилген.

Аны 7-сентябрда Минск шаарындагы Улуттук сүрөт музейинин жанынан уурдап кетишкен.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, Беларус бийлиги Колесникованы өлкөдөн чыгарууга чындыгында аракет кылышкан, бирок муну аткара алышкан жок.

Колесникова өткөөлдө паспортун айрып салгандыктан, ал башка өлкөгө кире албай калган. Өткөн жекшембиде Колесникова президент Александр Лукашенкого каршы кезектеги массалык жүрүшкө катышкан болчу.