Биз менен байланышыңыз

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 64 жашта (фото)

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 2008 | 2

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда 64 жашка толду.

Алмазбек Атамбаевди партиялаштары туулган күнү менен куттуктады. Алар бүгүн эртең менен куттуктоо сөздөрү жазылган кагаздарды көтөрүп, УКМКнын тергөө абагына барышкан.

Белгилей кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 4-ажосу болуп саналат. Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо жеңип чыгып, өлкөнү 2017-жылдын 24-ноябрына чейин башкарган.

Төмөндө экс-президенттин саясаттагы урунттуу учурларынан фото-баян:

УКМКнын тергөө абагына куттуктап келген тарапташтары

Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин. Кой-Таштагы резиденциясы.

Оппозицияда «эриш-аркак» болуп жүргөн саясатчылар Атамбаев, Текебаев жана Роза Отунбаева.

Атамбаев саясатчы Өмүрбек Бабанов менен.

Энелер күнүндөгү куттуктоо учуру.

Атамбаев Орусиянын президенти Путин менен.

Атамбаев Түркия президенти менен.

Атамбаев жубайы менен учакта.

Атамбаев өзү чоңойгон үйүн зыярат кылган учур.

Футболисттер менен селфи.

Кыргызстандын жана Казакстандын экс-президенттери.

Атамбаев жана жубайы Лувр музейинде (Франция).

Атамбаевдин үй-бүлөсү жана Германия канцлери Меркель (Ала-Арча, Кыргызстан).

Атамбаев жана Мирзиёев жубайлары менен (Самарканд).

Баткен. Төрт-Күл суу сактагычынын жээги.

Дубайдагы эң бийик имараттардын биринде.

Атамбаев жана жубайы.

Атамбаев жана орус саясатчысы Дмитрий Медьведев (Ала-Арча, Кыргызстан)

1-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы.

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков менен.

«Бриллиант кол» комедиясы тартылган жай (Баку, Азербайжан).

 

2 пикир

2 пикир

  1. Анара.

    18.09.2020 16:54

    Алмазбек Атамбаевдин эмгегин баалайм,урматтайм.Биздин экс президентибизди ар дайым Аллахым колдосун.Жакын арада эркиндикке чыканга насип кылсын.🤲

  2. Жибек

    20.09.2020 11:57

    Мен да Атамбаевди сыйлайм. Кудай буюрса жакында боштондукка чыгарына ишенем. Алла Таалам колдосун.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM