Марал Радиосу

Айып аянтчасынан машине уурдоого шектелип аткаминердин баласы кармалды

Айып короосуна токтотулган эки унааны уурдоого аткаминердин баласы шектелип, кармалды. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, аткезчилик менен алып келинип, айып аянтчасына токтотулган унааны уурдоого Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын уулу Аброр Сабиров шектелип кармалган. Аталган агенттикти учурда Шухрат Сабиров жетектейт.

8-сентябрда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы айып аянтчасына коюлган эки унаа уурдалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, 3-сентябрь күнү «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анын жүк бөлүгүндө «Тойота Альфард» жана «Хонда Элюзион» үлгүсүндөгү оң рулдуу унаалар аныкталган. Алар документтерде унаа тетиктери катары көрсөтүлгөн.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Кийинки күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аталган унаалар текшерилип, далил буюм катары Чүй облусунун Люксембург айылындагы айып аянтчасына коюлган.

7-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар ал унааларды айып аянтчасынан уурдап кетишкен. Буга байланыштуу Ысык-Ата райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Exit mobile version