Марал Радиосу

Окумуштуулар адам баласы үчүн эң бактысыз жашты жарыялады

АКШдагы Дартмут колледжинин окумуштуулары жана Улуттук Экономикалык Изилдөө Бюросунун эксперттери адамга мүнөздүү кыйынчылыктар 47-48 жашында башталаарын аныкташты.

Мындан тышкары, Кытай, Мексика жана Орусиянын жарандары өздөрүн 43 жашында, башка өлкөлөрдүн жарандарына караганда эрте «бактысыз» сезе башташат.

Адистер муну организмдеги биохимиялык процесстер, гормоналдык фон жана жалпы карылык менен түшүндүрүштү. Алар адамдын билим деңгээли, абалы, үй-бүлөлүк статусу жана жашаган жери эч кандай мааниге ээ эместигин белгилешет.

Америкалык изилдөөчүлөрдүн айтымында, болжол менен 65 жашында адам өзүн бактылуу жана жашоого ыраазы деп эсептей баштайт. Мындай абал адамда 18-20 жыл бою сезилип, 80 жашында эң жогорку чегине жетет.