Марал Радиосу

Аймактарга элүүдөн ашык автоматташтырылган метеостанция курулат

Кыргызстандын аймактарында мурда жабылып калган метеостанциялардын ордуна автоматташтырылган станциялар курулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директору Абдишарип Бекиловдун айтымында,  56 автоматташтырылган метеостанциялар курулат.

Учурда Дүйнөлүк банк каржылаган “Борборбук Азиядагы гидрометеорологиялык камсыздоону модернизациялоо” долбоорунун алкагында 23 автоматташтырылган метеорологиялык станцияларды куруу пландалууда. 

Мындан сырткары, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен аймактарга 20 гидропост курулат. Гидропосттордо турак жай, автоматташтырылган метеостанциялар, гидрологиялык комплекстер кошо салынат.

Ошону менен бирге Бишкек шаарына абанын булгануусун аныктоочу 50 датчик орнотуу пландалууда.

Ал эми БУУнун Азык түлүк программасы тарбынан каржыланган долбоордун алкагында, аймактарга 8 автоматташтырылган метеостанция, ПРООН тарабынан каржыланган долбоор алкагында 5 автоматташтырылган метеостанция орнотулат.