Марал Радиосу

Өзбекстандык террорчу Машарипов 40 эсе күчөтүлгөн жазага тартылды

2017-жылы 1-январга караган түнү Стамбулдагы көңүл ачуучу борборлордун биринде 39 кишинин өмүрүн алган террордук акт боюнча өзбекстандык айыпталуучу Абдулкадир Машарипов 1 368 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Түркия соту айыпталуучулардын акыркы актануусунан кийин кабыл алды.

Түркияда бул мөөнөт 40 эсе күчөтүлгөн абак жазасы болуп саналат.

Террорчу 39 кишини атайылап өлтүрүүгө, 79 адамды өлтүрүүгө аракет кылууга жана мыйзамсыз курал-жарак кармоого айыпталууда. Мындай айыптоолор үчүн ал 1 368 жылга эркинен ажыратылып, 375 миң түрк лирасы түрүндөгү соттук айып пул салынды.

Машарипов Түркияга 2016-жылы барган. Ал тергөө учурунда өз күнөөсүн мойнуна алган. Түркия полициясы Машарипов ижарага алган үйдөн 150 миң доллар каражат тапкан. Тергөөчүлөр аны террордук көз караш менен эмес, акча үчүн ушул аракетке барган деген версияларды айтышкан. Бирок кийинчерээк анын террорчулар менен байланышы бар экендиги аныкталган. Машарипов 2017-жылдын 16-январында кармалган.

Теракт катталган соң Түркияда иликтөө иштери башталып, түркиялык басылмалар айыпталуучунун улутун аябай талкууга алышкан. Алгач анын кыргыз экени, кийин Кыргызстандын жараны болгону, кайра кыргызстандык өзбек болгону айтылган.

Күн сайын анын улуту, жарандыгы алмашып жатканына карабастан, ошол учурда интернет айдыңында эң чоң талкуу жаратып, көпчүлүк Орто Азия жарандарын кооптонуу менен карап калышкан. Соңунда кылмышка тиешеси бар жаран кармалып, анын улуту расмий түрдө айтылган. 39 кишинин өмүрүн алган террордук кылмышка түздөн-түз катышкан делген Абдулкадир Машарипов – өзбекстандык тажик экендиги жарыяланган.