Марал Радиосу

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев суракка чакырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Осмоналиев Кылмыш кодексинин 186-беренеси боюнча (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) суракка чакырылган.

Абдрахманов аттуу жаран Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн Осмоналиевге каршы арызды ушул жылдын май айында жазып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Мен бул жагдайды парламентке аттанган саясий партиялардын бирин каттабай коюуга каршы чыккан позициям үчүн деп байланыштыргым келбей турат. Бирок мурунку күнү электрондук почтама хакердик чабуул жасалып, мен каттабай коюуга каршы чыккан партия боюнча чечим жоголуп кетиптир», -дейт Осмоналиев.

Осмоналиев 2-4-сентябрь күндөрү өзүнүн айланасында белгисиз адамдар аны артынан аңдып жүргөнүн байкаганын айтты.

3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин каттоо маселеси каралган. Анда БШКнын калган мүчөлөрү аталган партияны съездде мыйзам бузган деген жүйө менен каттоодон баш тарткан. Бирок Атыр Абдрахматова менен Кайрат Осмоналиев бул чечимге каршы чыккан.

7-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстандын” БШКга каршы арызын карады.