Марал Радиосу

Кубакы ашуусундагы кырсыкта 25 жаштагы жаран каза болду

SONY DSC

Нарын облусунун Кочкор районунда 7-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда (175-чакырымында) Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган жаран каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.