Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: «Баарына каршы» добуш берүүнү көздөгөн белгилүүлөр

Учурда Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталып, партиялар биринен-бири өтүп, өздөрүн таанытуу аракетин кылууда. Айрыкча бул жолку шайлоодо массалык чогулууларга тыюу салынгандыктан, талапкерлердин көпчүлүгү социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу көпчүлүккө белгилүү маданият өкүлдөрү да шайлоо тууралуу пикирлерин билдирүүдө. Анын ичинен төкмө акын Аалы Туткучев бул жолку шайлоодо «Баарына каршы» добуш бере турганын жазды.

«Бир партия жагып жатат. Добушумду ага берип, башкаларга да сунуш кылам. Аны шайласак азыркынын баары жоголуп, жаңы жүздөр депутат болмок. Ал «ПРОТИВ ВСЕХ» партиясы деп жазган.

Акын Аалы Туткучевден сырткары, ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев да алдыда боло турган шайлоо тууралуу оюн Инстаграм баракчасынан билдирди.

“Кесмелер армиясы айтылып, калп токуучу комбинаттар дүрүлдөп ишке кирди, эгер жалдырап дагы деле алардын оозун карап башыбызды ийкей берсек анда иштин бүткөнү, шорго малынганыбыз болоор. Ойлон кыргыз, ойгон эми, мен болсо бюллетендеги “баарына каршы” деген жерин тандадым. “Келечекке кедергим тийбесин,”- деген ырчы шайлоо тууралуу  ыр саптарын дагы жазып калтырган.

«Шайлоо, шайлоо шардана шайлоо болоор,

Шапар тепкен, ооз мурунду майлоо болоор.

Сунушталган долбоорлорун угуп турсаң,

Суусамырдай уч кыйырсыз жайлоо болоор.

Бүгүн туура чечим кылып ойлонбосок,

Бүктөп кайрып, колу- бутун байлоо болоор».

Буга чейин дагы бир төкмө акын Азамат Болгонбаев да социалдык тармакта билдирүү калтырып, шайлоодо «Баарына каршы» добуш берерин айткан.

«Бир ай ичинде жүздөгөн балабакча, мектеп курулат, ондогон завод ишке кирет.
Баардык айылдарга көпүрө, асфальт, таза суу түтүктөрү салынат.
Пенсия, пособие жогорулап, айлык-акы көбөйөт.
АЛДАНБАЙЛЫ!!! БААРЫНА КАРШЫ ✔️»-деген билдирүү калтырган. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага учурда 15 партия катышууда.

Атаандаштар анык. Кайсы партияга добуш бересиз? (Сурамжылоо)

 

Copyright © 2017 Maral FM