Марал Радиосу

Кыргызстанда Комуз жумалыгы башталды

Кыргызстанда 7-сентябрдан тарта Комуз жумалыгы башталды. Жумалык Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 9-сентябрь Комуз күнүнө карата жарыяланып, 13-сентябрга чейин уланат.

Учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт.

Комуз күнү майрамы этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.