Марал Радиосу

Пробация департаментинин кызматкери пара менен кармалды

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустар аралык башкармалыгынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлайт.

27-августта С.А.С. аттуу жарандын арызынын негизинде “пара талап кылуу” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталган.

Анын жүрүшүндө Ош шаардык пробация бөлүмүнүн башкы адиси «А.А.М.» жергиликтүү тургундун соттуулугун мөөнөтүнөн мурда жоюуга убада берип 38 миң сом талап кылган.

Ал 1-сентябрда пара алып жаткан жеринен кармалып, баш коргоо чарасы аныкталып, №53 тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.