Марал Радиосу

Салык кызматы партия мүчөлөрүн салыктарды убагында төлөөгө чакырат

Мамлекеттик салык кызматы шайлоого катышуучу саясий партияларды, ошондой эле партияларга кызмат көрсөтүүчү компанияларды, үгүт иштерине тартылган адамдарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө төлөөгө чакырат. 

Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу үчүн массалык маалымат каражаттарын колдонушат. Буга байланыштуу бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер, шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар.

Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.