Марал Радиосу

БШК менен партиялар таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы менен партиялар ортосунда таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине 15 партиянын өкүлдөрү келишти.

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган 17 партиянын он бешин расмий каттады.

«Бүтүн Кыргызстан» менен «Актив» партиясы шайлоодон четтетилди.

«Актив» партиясын шайлоодон четтетүүгө күрөөгө акча каражатын койбогондугу негиз болду, ал эми «Бүтүн Кыргызстанды» съездде мыйзам бузган деген жүйөө менен каттоодон баш тартты.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алдындагы үгүт иштери башталды.

Быйыл парламенттик шайлоого жалпы 44 саясий партия катышуу ниетин билдирген.