Марал Радиосу

Нарын, Жалал-Абад, Бишкектин медиктери эс алууга жиберилди

3-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, бул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Нарын жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери эс алууга жолдомо алышты. Алар «Эне Сай» пансионатында 7 күн эс алып кайтышмакчы.

Медиктерди Ысык-Көлгө эс алууга жиберүү президент Сооронбай Жээнбековдун саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин колдоого алынган.

COVID-19 вирусун 3136 медкызматкер жуктуруп алган, анын 2506сы айыгып чыкты.