Марал Радиосу

Аралаш уруш менен машыккан жаштар турнирде беттешти

Кыргызстанда 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата ММА жана панкратион федерациясы Ысык-Көлдө турнир өткөрдү. Ага өлкөдөгү аралаш уруш менен машыккан алдыңкы жаштар катышты.

“Дордой Алгыр” машыктыруучу клубу бул жолку турнирге 5 мушкерин алып келген. Алардын үчөө рингде мушташып, каршылаштарынан озуп чыкты. Аталган командада машыккан Жамил Сейитбек уулу атаандашын жеңип алды, ал таймашка бир топ убакыт бөлүп, дыкат даярданганын айтты.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган турнирде жалпы 20 беттеш болду. Алардын биринде чемпиондук курга ат салышуу да орун алды. Ошондой эле билеги күч балбандар менен катар мушкер кыздардын да таймашы болду.