Марал Радиосу

Дүйнөдө эң көп талап кылынган смартфон жарыяланды

Apple компаниясынын iPhone 11 смартфону 2020-жылдын биринчи жарымында дүйнөдө эң көп талап кылынган смартфон аталды. Бул смартфондон алты айда 37,7 млн даана сатылды. Бул тууралуу PhoneArena билдирди.

2019-жылдын күзүндө сунушталган смартфон олуттуу айырма менен алдыда келе жатат.

Суроо-талап боюнча Samsung Galaxy A51 2-орунду ээледи. Ушул жылдын биринчи жарымында Samsung Galaxy A51 11,4 миллион даана сатылды.

Xiaomi Redmi Note 8 смартфону да алдыңкы үчилтикке кирди. Бул гаджеттин 11 миллион даанасы сатылды.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы эң көп изделген смартфон Apple смартфону болду. Ошол учурда iPhone XR 26,9 миллион даана сатылган.

Кийинки орундарды Samsung Galaxy A10 жана A50 ээлеген.