Марал Радиосу

Индия Түркмөнстандан чартердик каттамдарды уюштурат

Индия сентябрь айында Түркмөнстандан чартердик рейс уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу Индиянын Түркмөнстандагы элчилигинин расмий сайтындагы билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, Индияга учуп кетүүнү каалагандар 7-сентябрга чейин дипломатиялык өкүлчүлүк менен байланышып, сайтта көрсөтүлгөн анкетаны толтурушу зарыл.

Чартердик рейс менен учкан жүргүнчүлөр Индияда милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге алынат.