Марал Радиосу

Актер Дуэйн Жонсондо коронавирус табылды

Америкалык актер, балбан Дуэйн Жонсон жана анын үй-бүлөсү коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

«Менин аялым Лорен, эки кызым жана менде COVID-19 табылды», — деди актер.

Актёр иммундук системаны чыңдап, маска кийүүгө жана башка коопсуздук чараларын сактоого үндөдү.

Дуэйн Жонсон жубайы, армян ырчысы Лаурен Хашян менен 2007-жылы сүйлөшө башташкан. Алар 12 жылдык мамилелерден кийин баш кошушкан.

2015-жылы кышында алар Жасмин аттуу кыздуу, үч жылдан кийин Тиана аттуу кыздуу болушкан. Ошондой эле актёрдун биринчи никесинен бир кызы бар.