Биз менен байланышыңыз

Индия Кытайдын 118 тиркемесине бөгөт койду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 391 | 0

Индия Кытайдын 118 программасына бөгөт койду. Өкмөттүн маалыматына караганда, алар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет. Тыюу салынган тиркемелерге PUBG Mobile, VPN for TikTok, Baidu жана башкалар кирет.

Индиядагы PUBG Mobile тиркемесинин бир айлык аудиториясы 40 миллион адамды түзөрү айтылып жүрөт.

Июнь айында жергиликтүү бийлик TikTok, WeChat жана Weibo сыяктуу 59 колдонмого тыюу салган. Андан кийин бул программалар Индиянын эгемендигине жана бүтүндүгүнө зыян келтирери айтылган.

Индия өкмөтү мындай чечимди Кытай менен болгон геосаясий чыңалуунун шартында кабыл алды. Июнь айынын башында эки өлкөнүн чек арасында болгон жаңжалда Индиянын 20 аскери каза болгон.

31-августта Индиянын Коргоо министрлиги Ладактын чек ара районунда кытай аскерлери менен жаңы кагылышуу болгонун жарыялады. Маалыматка караганда, кагылышуу 30-августка караган түнү Пангонг-Цо көлүнүн жээгинде болгон.

Copyright © 2017 Maral FM