Марал Радиосу

Кайсы класстар биринчилерден болуп мектепте окуй баштайт?

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кырдаалга жараша окууну салттуу режимге өткөрүү үчүн бир нече вариантты иштеп чыкты. Бул тууралуу «Ала-Тоо-24″ каналынын түз эфиринде билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал турукташканда, биринчилерден болуп 2, 5, 9, жана 11-класстардын окуучулары мектепке келип окуй баштайт.

“Себеби 2-класстын окуучулары болгону бир жыл окуп, ал да толук болгон эмес. Ал эми 9-11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Алар реалдуу форматта канчалык көп окуса, ошончолук өздөрүнө ишенимдүү болуп, ага жараша жыйынтыктар да жакшы болот. 5-класстар башталгыч класстан кийин жогорку класстардын катарына кошулуп жатат. Аларга ар башка мугалимдер сабак бере баштайт. Ошондуктан аларга да кыйын болушу мүмкүн», — дейт Жусупбекова.

Учурда өлкөдө 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окуп жатат.