Марал Радиосу

Кыргыз-өзбек чек аралары ачылды

2-сентябрдан баштап Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Эми эки мамлекеттин жарандары өз аймактарына чектөөсүз кире алышат, бирок төмөнкү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруусу зарыл:

-акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон, же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустун жыйынтыгы таза чыккан ПЦР-тест тууралуу маалымкаты бар адамдар Өзбекстанга кирерде карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.

-Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрүү жайларында термометриядан жана анкета толтуруу менен жүргүзүлгөн сурамжылоодон өтүшөт;

-Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келерде карантиндик көзөмөлгө алынышпайт.

-башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга кирип жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынышат.

Кыргыз-өзбек жарандары «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол», «Кадамжай-автожол», «Маданият-автожол» жана «Баймак-автожол» өткөрмө пункттары аркылуу өтүшөт.

Транспорт каражаттары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин «Кадамжай-автожол», «Достук-автожол», жана «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кесип өтө алышат.

1-сентябрдан баштап Өзбекстан эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмегине кирген.