Марал Радиосу

Статком: Эл каттоо тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

Улуттук статистикалык комитети калкты каттоо жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатат деген шылтоо менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып, парламенттик шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышат деген билдирүүлөр пайда болгон.

Буга байланыштуу Улуттук статистикалык комитет эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу белгисиз убакытка жылдырылганын билдирет. Буга чейин калкты каттоо 2020-жылдын 23-мартынан тарта 1-апрелге чейин өтө турганы айтылган эле.