Марал Радиосу

Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы министрдин орун басары болду

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун кызы Айшат Кадырова маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыров Телеграмдагы каналына жазды.

— Кызымды бул кызматка даярдоо чечими салмактуу эле болду. Анын тажрыйбасы көп, — деп жазган Кадыров.

Айшат Кадырова көп жылдан бери «Firdaws» мода дүкөнүн башкарып келет. Аны кызматка дайындоо чечими Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааевдин демилгеси менен кабыл алынганы айтылды.