Марал Радиосу

Орусиядагы кыргыздардын шайлоого катышуу маселеси талкууланат

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарына кайрылды. Анын «Фейсбук» баракчасындагы маалыматка караганда, 2-сентябрда Моква убактысы боюнча күндүзгү саат 15.00дө (Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө) чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн онлайн жолугушуусу өтөт.

Анда Орусияда жүргөн кыргыз жарандары үчүн 4-октябрда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу маселе каралат.

Жолугушууга катышууга кызыктар болгон жактар төмөнкү шилтеме аркылуу катталса болот:
https://forms.gle/jTrk71BhTUf4CpfR7
https://undp.zoom.us/j/92837703941.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен, Орусиянын аймагында 11 шайлоо тилкеси бекитилген. Даректери:

1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде;

3. № 9002 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;

4. № 9003 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;

5. № 9004 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;

6. № 9006 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде;

7. № 9007 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;

8. № 9009 шайлоо тилкеси — Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда;

9. № 9010 шайлоо тилкеси — Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунда;

10. № 9013шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;

11. № 9014 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.