Марал Радиосу

Шайлоо-2020: Жогорку соттун алдында митинг өтүүдө

Бишкекте Жогорку соттун алдында таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган акция өтүп жатат. Анда ар кайсы саясий партиянын өкүлдөрү, жарандык активисттер чогулду. Кырдаалды милиция көзөмөлдөп жатат.

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку сот «Кыргызстан» партиясы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын карайт. БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган партиялардын документтерин 24-августта кечки саат 18.00дө кабыл алууну токтоткон. «Кыргызстан» партиясы документтерин тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен 25-августта артка кайтарылган.

Мыйзам боюнча шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү жергиликтүү саат 18:00гө чейин документтерин БШКга тапшырышы керек.

«Кыргызстан» партиясы БШКнын мындай чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылган. 27-августта Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырган. 29-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.