Марал Радиосу

Милиция менен айтыша кеткен кыз үч жылга соттолуп, мунапыс менен кое берилди

Бишкекте пандемия учурунда патрулдук милиция кызматкерлери менен айтыша кеткен кыз үч жылга соттолуп, мунапыс менен кое берилди.

Соттун маалыматына караганда, ал күнөөсүн жарым-жартылай моюндаган.

Ушул жылдын 11-апрелинде Бишкекте “өзгөчө абал” учурунда көчөгө беткап тагынбай чыккан кызды милиция кызматкерлери токтотуп, тийиштүү документин көрсөтүүнү талап кылган. Бирок ал милициянын сөзүн түшүнбөй калган. Натыйжада айтыша кетип, ал учур видеого тартылып калган.

Ал видеодо кыздын милициянын дарегине ачуу сөздөрдү айтканы социалдык тармактарда талкуу жараткан. Соттун маалыматына караганда, кыз күнөөсүн моюнга алган.