Марал Радиосу

Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте жүрөт

Бүгүн, 1-сентябрдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки тартипте жүрө баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитеттин маалыматына таянсак, автобус, троллейбус жана маршруткалар кадимки режимде иштеп, эртеден кечке чейин белгиленген тартипте шаар тургундарына кызмат көрсөтөт. Тактап айтканда, түшкү тыныгуу алынып салынды.

«Санитардык нормаларды сактап, беткап тагынуу керектигин эске салабыз. Коомдук унаалардын ичинде антисептикалык каражаттар коюлуп, нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат жана дезинфекцияланат. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарда «Тулпар» картасы менен төлөм жүргүзө алышат», — деп айтылат маалыматта.