Марал Радиосу

Коронавирустан 5 миңдей адам үй шартында дарыланууда

Бүгүн, 31-августка карата Кыргызстандагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан 715 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Алар:

Ал эми үй шартында 4818 адам дарыланууда:

Акыркы сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда 31-августка карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур катталды.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  1. Бишкек ш — 18
  2. Ош ш – 1
  3. Чүй облусу – 10
  4. Ош облусу – 6
  5. Талас облусу — 2
  6. Нарын облусу – 4
  7. Ысык-Көл облусу – 14
  8. Жалал-Абад облусу – 11
  9. Баткен облусу – 12.

Муну менен жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 898 адамга жетти.

Ал эми сутка ичинде дарыланып жаткан 261 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 38 459ду түздү.