Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев менен Эмомали Рахмон Кыргызстанды майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2020 | 368 | 0

Бугүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 29 жыл толду. Буга байланыштуу кошуна өлкөлөрдөн да куттуктоолор келип жатат.

Учурда кыргыз элин Эгемендүүлүк менен куттуктап, телеграмма жибергендердин катарында: Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан лидери Гурбангулы Бредымухамбетов, Кытай лидери Си Цзынпинь да бар.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Биргелешкен аракеттерибизден улам эки боордош мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен көп пландуу кызматташтык акыркы жылдары дээрлик жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгү бизди өзгөчө кубандырат. Соода, өнөр жай, транспорт жана байланыш, айыл чарба, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү биздин конкреттүү долбоорлорубуз менен биргелешкен программаларыбыз толук кандуу ишке ашырыларына ишенем. Албетте, урмат-сыйга, ак ниет коңшулукка жана өз ара колдоого негизделген биздин достук кызматташтыгыбыз бир тууган элдерибиздин бактысы үчүн мындан ары да өнүгүп-өсө берет», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө албан ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Түркмөнстан элинин жана Өкмөтүнүн, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу Сизге жана боордош Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоо-тилектеримди жолдоп жатам.

Сиздердин өлкөңүздөрдүн көз карандысыздык жылдарында жетишилген саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ийгиликтерин, ошондой эле биздин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде өнүгүшүн кубануу менен белгилеп кетким келет. Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттер аралык диалогду мындан ары да кеңейтүүдөгү жана тереңдетүүдөгү туруктуу бир пикири эки элдин кызыкчылыгына жооп берерине бекем ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM