Марал Радиосу

Эгемендүүлүк салтанатына эң кенже ыктыярчылар да катышты

Бүгүн, 31-август Кыргызстандын эгемендик алганына туура 29 жыл толду. Бул күнгө карата учурда «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салтанат өтүүдө. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар катышты.

Бул ирет пандемиядан улам баш калаанын «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык иш-чарага адамдар киргизилген жок. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр да пландалган эмес. Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлдү.

Бүгүнкү салтанаттка дарыгерлер, тартип сакчылар, аскерлер жана пандемия менен күрөшүүдө чоң жоопкерчилик менен кызмат кылган ыктыярчылар катышты.

Катышкан ыктыярчылардын арасында саякаттоого, өзүнө телефон, велосипед алууга чогултуп жүргөн акчаларын коронавирус менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерин колдоо үчүн берген эң кенже ыктыярчылар да болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыстандыктарга жолдогон куттуктоосунда мына ушул кичүү муундун эмгегин да баалап өттү.

«Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды.

Кыйын күндөрдү өткөрдүк, бирок биз күрөштү тынбай уланттык. Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз.

Бул апааттан кутулуу — мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк.

Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү.

Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү. Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык.

Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык.

Биздин элде «алам» дегенден, «жардам берейин» дегендер көп экенин көрдүк. Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук.

Бүгүн биздин арабызда мына ушул күндөрү чоң күчкө айланган ыктыярчыларыбыздын эң кенжелери отурат.

Көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүгө кыялындагы жактырган буюмун алууга топтогон каражатын берген ушул балдарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын.

Кыргызстаныбыздын татыктуу уул-кыздары болуп чоңоюшсун.

Улутубуздун көөнөрбөс духу, ата-бабалардын руху жаңы тарыхта да татыктуу жашап жатканын жаштарыбыз далилдеди.

Дарыгерлерибиз, тартип сакчыларыбыз, аскерлерибиз, ыктыярчыларыбыз, ишкерлерибиз тикеден тик туруп, элдин өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жан үрөп салым кошту.

Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!», -деди өлкө башчы.

 

Велосипед алам деген акчасын ооруканага берген балдар