Марал Радиосу

Дагы эки депутат мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын ордуна тизме боюнча кийинки депутаттарга мандат берүү боюнча чечим чыгарды.

Мандатын тапшырган эл өкүлдөрүнүн бири “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты  Абулкайр Узакбаев, экинчиси “Кыргызстандын” депутаты Кубанычбек Нурматов.

Эми алардын парламенттеги орду “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Уланбек Исмаиловго, “Кыргызстан” партиясынан Улугбек Садиковго өткөрүлдү. Жаңы депутат болуп келгендерге депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Буга чейин аталган эки партиядан Алтынбек Жунус уулу жана Данияр Төлөнов да мандатын тапшырган.

Быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтөт. Ага ылайык, 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын каттосунан өткөн партиялар үгүт иштерин баштайт. Ошол учурда Жогорку Кеңештин депутаттары үгүт иштерине кетип, парламент таркайт.