Марал Радиосу

Өзбекстан эпидемиологиялык абал турукташып калган өлкөлөрдүн катарына кирет

Өзбекстан эпидемиологиялык абал турукташып калган өлөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрилиги билдирди.

Министрлик мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянып чыгарган.

-Тышкы иштер министрилигинин Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу эпидемиологиялык абалдын өзгөрүшү тууралуу маалыматтык катынын негизинде, Өзбекстан Республикасы коронавирустук инфекциясынын төмөндөшү жана эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу байкалган чет өлкөлөрдүн катарына 1-сентябрдан тартып 32-өлкө болуп кошулат, — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Коңшу мамлекетте учурда карантиндик режим жумшартылып, ооругандардын саны азайды. Аталган өлкө жаңы окуу жылын салттуу түрдө, ЮНИСЕФ уюмунун сунушу менен улантары күтүлүүдө.