Марал Радиосу

Коронавирустан 247 бейтап сакайып, өлүм катталган жок

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны 125 адамды түзүп, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында — 30, Ош шаары боюнча – 2, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 12, Таласта – 6, Нарында – 1, Ысык-Көл облусу боюнча – 13, Жалал-Абадда – 31, ал эми Баткен облусу боюнча вирусту жуктуруп алгандардын саны 22ге жеткен.

Жуктуруп алгандардын ичинен үчөө — медицина кызматкерлери. Алардын бирөөсү Бишкек шаарында катталса, экөө Жалал-Абад облусунда катталган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктардын саны 42 412ге жетти.

Ал эми айыгып чыккан бейтаптар акыркы суткада 247ни түздү. Ал эми пандемия башталгандан берки сакайгандардын саны – 37 973.