Марал Радиосу

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 695 млн сом каралган

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 695 млн сом каралган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров билдирди.

Анын ичинде быйыл 69 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Учурда бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражаттын эсебинен 15 мектептин курулушу жүрүп жатат. Быйыл октябрь айына карата 3 мектептин курулушу аяктайт.

Андан сырткары 1 бала бакча, 1 маданий, 3 спорттук, 17 саламаттык сактоо объектисин жана таза суу боюнча 16 объектини бүткөрүү пландалган.