Марал Радиосу

БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылат

Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова борбор калаанын административдик сотунун чечими боюнча Жогорку сотко кассациялык даттануу даярдалып жатканын билдирди. 

27-августта Бишкек шаардык админстративдик соту “Кыргызстан” партиясынын ишин карап, партиянын БШКга каршы жазган арызын канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Эскерте кетсек, 25-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. Буга документтер БШКга партиянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү жок келгени себеп болгон.