Марал Радиосу

Чек ара боюнча жолугушууда эки протоколго кол коюлду

Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын Ташкент шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Тараптар узундугу 94,5 км келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү чегин сүрөттөө долбоорун макулдашты жана бекитти. Ошондой эле макулдашылбаган 10 тилкенин бири макулдашылып жана бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмелери конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки протоколго: топографиялык жумушчу топтун жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын протоколуна кол коюлду. Тараптар коңшу элибизди тынчсыздандырган чек ара маселесин чечүү максатында жумушчу топтордун ишин активдештирүүнү макулдашты. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жумушчу жолугушуулардын графигинин планы бекитилди. Алар ай сайын өткөрүлмөкчү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өткөн сүйлөшүү процессинин жемиштүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер, ошондой эле чек ара маселелер жыйындысын чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.