Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 425 | 0

2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында «Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен Баткен облусунун 22 орто мектептеринде IlimBox санариптик китепканасы орнотулду. Бул долбоор Европалык Биримдик тарабынан каржыланганын облустук жетекчинин басма сөз кызматы билдирет.

Китепканадан кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды интернети жок колдонууга болот.

Англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөмчүлүк жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган.

Ошондой эле китепкананын санариптик энциклопедиясында кыргыз жана орус тилдеринде санариптик китептер, аудио жана видео лекциялар, ОРТ жана PISA тесттери  жайгашкан. Ал 500 дөн ашык кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулуучу китептерди, 300 дөн ашык педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөмчүлүк боюнча китептерди камтыйт.

Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу байланыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM