Ырчы жана комузчу Малик Аликеевге «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылат. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Жарлыкта: «Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы–Эстебес тобу” фольклордук тобунун солистине, «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылсын», − деп айтылат.
Ошондой эле, ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш- чараларды өткөрүү боюнча инструктору болгон Токтобүбү Черикчиевага дагы «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылды.
Сыйлык ээлеринин толук тизмеси төмөнкү шилтемеде: