Марал Радиосу

Малик Аликеев менен Токтобүбү Черикчиева «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын алышты

Ырчы жана комузчу Малик Аликеевге «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылат. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкта: «Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл ырчысы–Эстебес тобу” фольклордук тобунун солистине, «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылсын», − деп айтылат.

Ошондой эле, ырчы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун маданий иш- чараларды өткөрүү боюнча инструктору болгон Токтобүбү Черикчиевага дагы «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылды.

Сыйлык ээлеринин толук тизмеси төмөнкү шилтемеде:

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлыкка кол койду (тизме)

Таланты бар, бирок наамы жок маданият өкүлдөрү