Марал Радиосу

Эмомали Рахмон 5-ирет президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Кечээ, 26-августта  Тажикстандын учурдагы ажосу Эмомали Рахмондун кезектеги президенттик шайлоого талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Эгемен Тажикстандын 3-президенти деп саналган Эмомали Рахмон азыр 67 жашта. Ал 1994-жылдан бери президенттик тактыда отурат. Ал 1994, 1999, 2006, 2013 жылдагы шайлоолордо катышып, баарында жеңип чыккан.

Коңшу мамлекетте президент 7 жылга шайланат.

Кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Анда азыр жалпы 5 талапкер президенттик үчүн ат салышканы турат.

Борбор Азия президенттеринин хоббиси, жеке жашоосу тууралуу (тест)