Марал Радиосу

Депутат Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов БШКнын имаратына келди. «Кыргызстан» партиясы кечикти

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов Боршайкомдун имаратына келип, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан видеокамералар жазып алган видеожазууларды талап кылып жатышат.

— Бул жер стратегиялык объект, бирок мыйзам бузуу катталган болсо, биз бул жерден документтерди жана видеоматериалдарды талап кылганга акыбыз бар, — дейт Акаев.

Түнкү саат 1:00дө жазылып алынган видеоматериалды жыйындар залына алып кирип, активист, журналисттерге коюп берип жатат.

1:15

Жазылып алынган видеоматериалда «Кыргызстан» партиясы саат 18:00гө чейин документин тапшырбаганын көрүүгө болот. Бирок, өзүн Боршайкомдун аппаратынын кызматкеримин деп тааныштырган жаран видеокамеранын сааты ката болушу мүмкүн экендигин айтты.

1:30

Боршайкомдун кызматкерлери саясий партиялар катталган журналды активисттерге көрсөттү. Анда «Кыргызстан» партиясынын катталган убагы чийилип, оңдолгонун көрүүгө болот. Катталды деп жазылган мөөнөтү — 17:59.