Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 23-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+16, күндүз +30…+33;
Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+29;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +22…+23;
Нарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +24…+26.
Бишкек шаарында 23-августта жаан жаабайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+34 градус болот.