Марал Радиосу

Бишкек – Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Бишкек – Ош унаа жолунун 275-чакырымында Volkswagen Passat жана BMW унаалары кагышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Жол кырсыгынан эки унаа өрттөнүп кеткен. Өрт куткаруучулар келгенге чейин өчүрүлгөн.

Кырсыктан 4 адам жабыркап, 53 жаштагы адам ооруканада каза болгон.